Салянова: Мен эч качан коррупцияга аралашкан эмесмин

Салянова: Мен эч качан коррупцияга аралашкан эмесмин
16-Авг. 2019, Жума, 10:17

Мурдагы башкы прокурор өзүнүн абактан бошотулушу боюнча түшүндүрмө берди.

Ал колдоо көрсөткөн коомчулукка ыраазычылык билдирип, операцияга даярдануудан улам бир нече убакыт байланышта боло албай тургандыгын айтып өттү:

"Бир нерсени так айткым келет. Мен 73 күн камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар - мен эч качан коррупцияга катышкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө дагы тиешем жок. Ушунча убакытка чейин чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле кылды. Операцияга даярдануудан улам сиздер менен бир нече убакыт байланышта боло албайм"

Кечээ, 15-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Салянованы үй камагына чыгарды. ИИМдин маалыматына таянсак, 15-август күнү Аида Салянова тергөө амалдарын жүргүзүүнүн жүрүшүндө жактоочусунун катышуусунда тергөө менен кызматташуу каалоосун билдирген. Жаңы мыйзамга ылайык башында тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына алуу түрүнө өзгөрүлдү.
Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушуна байланышкан иш боюнча 3-июнда камакка алынган.

Ал Азиз Батукаев абактан чыгарылган убакта башкы прокурор кызматында турган.

Азиз Батукаев 2013-жылдын апрель айында «айыккыс дартка чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!