Бүгүн Чүй облустук соту Садыр Жапаровдун ишин карайт

Бүгүн Чүй облустук соту Садыр Жапаровдун ишин карайт
19-Авг. 2019, Дүйшөмбү, 09:12

Бүгүн, 19-августта камакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун аппеляциялык арызын карайт. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Сот отуруму сат 11:30ка белгиленген.

Шарабидин Токтосунов соттук иш мыйзам чегинде каралып, туура чечим кабыл алынса, анда Садыр Жапаров бүгүн эркиндикке чыгышы керектигин “Азаттыкка” билдирген:

“Садыр Жапаровдун иши мурда өтө оор кылмыш деп бааланса, быйыл күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык оор кылмыштарга кирип калды. Андан да айыптоодогу бир берене алынып салынды. Ошого байланыштуу анын аракеттери 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндөгү мыйзамга туура келип жатат. Ошондо анын жазасынын үчтөн бири, үч жыл төрт айы кыскарышы керек. Буга чейинки олтурганы алты жылдан өтөт, натыйжада ал шарттуу түрдө бошотулушу керек. Сот 19-августта ишти мыйзам чегинде карап, туура чечим кабыл алса, анда Садыр Жапаров ошол күнү чыгышы керек. Болбосо чечимдер күчүнө киришине жана башка маселелерге карап, ал августтун аягында же сентябрдын тегерегинде эркиндикке чыгышы керек”

Камактагы саясатчы Садыр Жапаров “Бийлик өкүлүн барымтага алуу” беренеси боюнча айыпталып, Биринчи Май райондук соту былтыр 2-августта он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка калтыруу чечимин чыгарган.

30-апрелде жаңы жагдайларга байланыштуу Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто каралып, соттук коллегия анын жаза өтөө мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан эле.

Сүрөт: Азаттык

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!