Өмүрбек Бабанов бүгүн УКМКга сурак берет. Эмне белгилүү?

Өмүрбек Бабанов бүгүн УКМКга сурак берет. Эмне белгилүү?
20-Авг. 2019, Шейшемби, 09:56

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берет. Бул тууралуу ал Финансы полициясына сурак берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Мени “Кыргызстан” коммерциялык банкынын акциялары боюнча чакырды. Ушуну айта алам. Эртең саат үчкө УКМКга чакырды. УКМКга кайсы иштер боюнча чакырганын айткан жок. Мен ойлом, Он-адыр боюнча болсо керек” , – деди ал.

Төрт сааттан ашык сурак берген Өмүрбек Бабанов тергөөнүн купуялуулугу үчүн башка жагдайларды ачыкка чыгара албастыгын кошумчалады.

Бабанов 9-күнү Кыргызстанга келгенде өзүнө козголгон кылмыш иштери боюнча мыйзамдуу түрдө жооп берүүгө даяр экендигин билдирген:

“Азыр көрдүңөр, биз жакшы учуп келдик. Мени эч ким текшерген жок. Кечээ УКМКнын тараткан билдирүүсүн уктум. Силер билесиңер, мен дайыма мыйзам жолунда жүргөм. Мен мыйзамдуу түрдө жооп бергенге даярмын”.

УКМК экс-премьер-министрге карата эки кылмыш ишин козгогон. Биринчи кылмыш иши "Он-Адыр" кичи районунда айткан сөздөрү боюнча болсо, экинчиси ”бийликти күч менен басып алуу, массалык баш аламандык уюштуруу “ беренеси боюнча козголгон иш.

УКМКнын ошол кездеги төрагасы Идирис Кадыркулов ага козголгон иш убактылуу токтотулганын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген эле:

“Ал материалдарды биз кылмыш ишине тиркегенбиз, кылмыш ишинин алкагында каралып жатат. Бирок, сурамдарга жооп күтүп жатабыз, иш токтоп турат”

Кийин аталган кызмат тактоо киргизип, Бабановго козголгон экинчи кылмыш иши токтотулганын билдирген.

Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!