Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароого жөнөттү

Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароого жөнөттү
21-Авг. 2019, Шаршемби, 18:16

Бүгүн, 21-августта Жогорку сот камакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөн Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карады.

Ишти караган судья Текебаев менен Чотоновдун жактоочуларынын өтүнүч канаатандырып, буга чейин чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарды. Ошентип, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилди.

Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева Жогорку соттун бүгүнкү чечими тууралуу буларга токтолду:

“Бүгүнкү соттун чечими адилеттүүлүккө бир кадам жасады деп ойлойм. Элдин салымы өтө чоң, ыраазычылык билдирип кетем”.

3-майда Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары буга чейин чыккан соттун чечимдерин жокко чыгарып, ишти кайра кароо өтүнүчүн келтирген. Бирок ишти караган Жогорку соттун судьясы жактоочулардын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырган эле.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго орус ишкери Леонид Маевскийден “1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Ал эми Леонид Маевский өзү “бирөөгө шек келтире турган маалыматты жайылтпоо үчүн 37,5 млн. доллар пара алган” деп айыпталып камакка алынган.

Сүрөт: 24.kg

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!