Жанар Акаев: Солтон-Сары маселесин көтөргөн лидерлерге куугунтук болбошу керек (видео)

Жанар Акаев: Солтон-Сары маселесин көтөргөн лидерлерге куугунтук болбошу керек (видео)
26-Авг. 2019, Дүйшөмбү, 16:50

Солтон-Сары маселесин көтөргөн лидерлерге куугунтук болбошу керек. Мындай пикирин депутат Жанар Акаев Нарын облусунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

Ал кыргыз өкмөтүндө жергиликтүү эл менен тил табышып, дипломатия жолу менен маселе чече ала турган кызматкер жок экенине таң калганын жашырган жок. Мындан улам Солтон-Сары кениндеги көйгөйдү көтөргөн активисттерди кысымга албай, маселени эл менен бирге чечүү керектигин белгилеп өттү:

“Биринчи кезекте Солтон-Сары маселесин көтөрүп жаткан лидерлерге куугунтук болбошу керек. Алар маселени туура коюп “элге, жерге зыяны тийбесин, ата-бабаларыбыздан келаткан байлыгыбызды сактайлы” деген ак ниет ою менен чыгып жаткандарын эл өкүлү катары күч органдарына, бийликке, өкмөткө түшүндүрүшүбүз керек”, – деди Акаев.

Жанар Акаев мындан сырткары Солтон-Сары кенине берилген лиценциянын мыйзамдуулугун карап чыгып, мыйзам бузган кызмат адамдарын жоопко тартуу маселесин да көтөрдү.

25-августта эл өкүлдөрү Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков жана Алтынбек Жунус уулу Нарын облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, калктын көйгөйлөрү менен жеринде таанышып келишти.

«Zhong Ji Mining Company» компаниясы Солтон-Сары кенинде 2009-жылдан тартып иштейт.

«Zhong Ji Mining Company» компаниясы кен пайдалануу укугуна биринчи лицензия 2009-жылы берилген. Кийин уруксат кагаздарын 2011-жылы Замирбек Эсенаманов, 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев, 2018-жылы Сүйүнтбек Аликеев тарабынан узартылган.

Акыркы уруксат кагазын 2018-жылы 9-февралда Сапар Исаков башында турган өкмөттүн иши мезгилинде алган.

3228 АЕ лицензиясы — 2013-жылдын 4-февралында 2033-жылдын 4-февралына чейин Солтон-Сары кенинин Бучук участкасынан алтын казууга 20 жылга уруксат берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн