Садыр Жапаров уулу Дастанды акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышат

Садыр Жапаров уулу Дастанды акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышат
26-Авг. 2019, Дүйшөмбү, 17:37

Камакта жаткан саясатчы Садыр Жапаров уулу Дастанды акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышат. Бул тууралуу жарандык активист Мелис Аспеков билдирди.

Жапаровдун жактоочусу аны баласына топурак салуу үчүн камактан убактылуу бошотуу үчүн бүгүн президент Сооронбай Жээнбековго жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кат менен кайрылган эле.


27 жаштагы Дастан Жапаров 22-август күнү Ысык-Көлдөн кайтып келе жатып жол кырсыгына кабылган. Тилекке каршы, ооруканада өзүнө келбей каза тапты. Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы кырсыктын чоо-жайын иликтеп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!