Момбеков: Казы-картага кеткен акчага Тоголок Молдонун китебин чыгарыш керек (видео)

Момбеков: Казы-картага кеткен акчага Тоголок Молдонун китебин чыгарыш керек (видео)
27-Авг. 2019, Шейшемби, 16:47

25-августта Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев жана Алтынбек Жунус уулу Ак-Талаа жана Нарын райондоруна барып, жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдү.

“Ак-Талаа” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Тоголок Молдонун (Байымбет Абдрахман уулу) өзү салган медресеси, өзү жашап өткөн үйү кейиштүү абалга кептелгенин айтып, жергиликтүү бийлик тарабынан тарыхий мурастарга жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатканын билдиришти.

Эл өкүлү Рыскелди Момбеков: “Жылкыга, казы-картага, кетчү акчага Тоголок Молдонун китебин чыгарыш керек. Турдакун Усубалиевдин нарындыктар тааныбай калса, Тоголок молдону ким тааныйт анда? Сүрөтүн алмаштырып, 100 жылдыгы болгон Турдакун Усубалиевди Нарындын мэри тааныбай калыптыр”, – деди өз сөзүндө.

Депутаттар бул маселе тез арада чечилиши керектигин, бир күндүк айлык маянасын которуп болсо да каржы маселесин чече тургандыгын белгилешти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Коронавирус Австралияга жетти
Коронавирус Австралияга жетти
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады