Жанар Акаев: Ким депутат болоорун партия лидери эмес, эл чечиши керек (видео)

Жанар Акаев: Ким депутат болоорун партия лидери эмес, эл чечиши керек (видео)
28-Авг. 2019, Шаршемби, 17:21

Ким депутат болоорун партия лидери эмес, эл чечиши керек. Мындай пикирин депутат Жанар Акаев Нарын облусунун тургундары менен болгон жолугушууда айтты.

Эл өкүлү шайлоочу алгач партияны тандап, андан соң партиянын ичинен өзүнө жаккан талапкерлерге гана добуш бере турган механизмди сунуштап жатканын билдирди.

“Биз бул мыйзам долбоорун өткөрүп алсак, чоң жеңиш болот. Ошондо гана Кожобек Рыспаев айткандай, накта “элиталар” келет”, – деди Акаев.

Депутаттар – Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков жана Алтынбек Жунус уулу Солтон-Сары маселесине байланыштуу Нарын районунун Эмгекчил айылына да барып, элдин үнүн угушту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!