Жээнбеков президенттикке талапкер катары көрсөтүлдү

Жээнбеков президенттикке талапкер катары көрсөтүлдү
18-Май 2017, Бейшемби

Кечээ, 17-майда кечке жуук Кыргызстан социал демократтар партиясы (КСДП) учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнковду президенттикке талапкер катары көрсөттү.

Бул чечим аталган партиянын саясий кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Эми партия курултайда Жээнбековдун талапкерлигин бекитет.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында 28-өкмөт башчы болгон Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке чейинки жакынкы жылдарда Ош облусунун губернатору, кадр кызматынын жетекчиси болуп иштеген.

Алгачкы эмгек жолун 1976-жылы Өзгөн районунда орус тили жана адабияты мугалими болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин кичи мекени Кара-Кулжа районунда зоотехник, коммунисттик партиянын райондук комитетинде нускоочу, катчы, совхоз-колхоздордун башкармасы болуп иштеген. 1994-жылдан 2005-жылга чейин үч ирет Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Күз айында өтүүчү президенттик жарышка буга чейин Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов, камактагы депутат Өмүрбек Текебаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!