Текебаев менен Чотонов сотко алынып келинди

Текебаев менен Чотонов сотко алынып келинди
29-Авг. 2019, Бейшемби, 14:38

Бүгүн, 29-августта камакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы министр Дүйшөн Чотоновдун иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Райондук соттун имаратынын алдына Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары чогулуп, соттун чечимин күтүп жатышат.

Жактоочу Таалайгүл Токтакунова соттон саясатчылардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, тилкат менен абактан бошотууну өтүнүшкөнүн “Азаттыкка” билдирген.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөн Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, буга чейин чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго орус ишкери Леонид Маевскийден “1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан эле.

Сүрөт: Алмамбет Шыкмаматов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!