Текебаев менен Чотонов камактан бошотулду

Текебаев менен Чотонов камактан бошотулду
29-Авг. 2019, Бейшемби, 16:33

Бүгүн, 29-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту камакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөн Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аларды үй камагына чыгарды.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, буга чейин чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго орус ишкери Леонид Маевскийден “1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан эле.

Сүрөт: Алмамбет Шыкмаматов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!