Финполиция: Бабанов бир нече иш боюнча суралып жатат

Финполиция: Бабанов бир нече иш боюнча суралып жатат
30-Авг. 2019, Жума, 14:55

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов бир нече кылмыш иши боюнча суралып жатканын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур “Азаттыкка” ырастады. Бирок кайсы иштер экенин ачык айткан жок.

«Жогоруда аты аталган жаран (ред: Өмүрбек Бабанов) бир катар кылмыш иштери боюнча күбө катары суралып жатат. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында ал тез-тезден суракка чакырылууда. Жазык-процессуалдык мыйзамдарына ылайык тергөөнүн жүрүшү ачык жарыяланбайт» - деди А. Пискур.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга 9-август күнү келген. Ал УКМКда төрт иш, Финполицияда дагы төрт иш иликтенип жатканын маалымдаган.

20-август күнү Өмүрбек Бабанов Финансы полициясына сурак берип чыккандан кийинМени “Кыргызстан” коммерциялык банкынын акциялары боюнча чакырды. Ушуну айта алам. Эртең саат үчкө УКМКга чакырды. УКМКга кайсы иштер боюнча чакырганын айткан жок. Мен ойлом, Он-адыр боюнча болсо керек” ,– деп айткан.

Башка жагдайларды тергөөнүн купуялуулугу үчүн ачыктай алган эмес. Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!