Өмүрбек Текебаев кичи мекенине барды

Өмүрбек Текебаев кичи мекенине барды
2-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 09:26

1-сентябрь күнү “Ата Мекен” партиясынын мурдагы лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаев кичи мекени Базар-Коргон районунун Акман айылына барды.

Аны айылдаштары, туугандары, тарапташтары жана апасы тосуп алды.

29-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөн Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго орус ишкери Леонид Маевскийден “1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан эле.

Сүрөт: Байсалбек Кадыралиев

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!