Кувейттик депутаттар Бишкекке келишет

Кувейттик депутаттар Бишкекке келишет
18-Май 2017, Бейшемби

18-майдан 20-майга чейин Кувейт улуттук ассамблеясынын депутаттары расмий иш сапары менен Бишкекте болушат.

Алар Жогорку Кеңештин төрагасынын жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын кабыл алуусунда болмокчу.

Парламент өкүлдөрү менен жолугушууда эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланмакчы. Ошондо эле муфтияттын ишмердиги менен таанышат.

Кувейт парламентарийлери кыргыз-кувейт парламент аралык достук группасынын мүчөсү болуп саналат. Алар президент Алмазбек Атамбаевдин 2015-жылы Кувейт өлкөсүнө жасаган иш сапарынын жыйынтыгы менен келишти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!