Алмасбек Абытов Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Алмасбек Абытов Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды
4-Сен. 2019, Шаршемби, 11:00

Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмасбек Абытов өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Алмасбек Абытов 1966-жылы туулган. Жогорку билимдүү, техника илимдеринин кандидаты, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси.

Ал V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты болгон.

Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги мурдагы туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаев ушул жылдын 16-июлунда 67 жаш курагында каза болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР