Жанар Акаев: Көйгөйдү айтып чыккан адамдарды эл душманындай көрүп атабыз

Жанар Акаев: Көйгөйдү айтып чыккан адамдарды эл душманындай көрүп атабыз
5-Сен. 2019, Бейшемби, 10:59

Кен иштетүүгө нааразы болуп, көйгөйдү айтып чыккан адамдарды эл душманындай көрүп атабыз. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү кен тармагындагы көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан активисттерди жээрибей, тескерисинче алардын үнүн өкмөт угушу керектигин айтты:

“Кен иштетүүгө нааразы болуп, көйгөйдү айтып чыккан адамдарды эл душманындай көрүп атабыз. Азыр дал ошол Солтон-Сары кени боюнча чыккан жаштарга, активисттерге милиция тарабынан куугунтук аябай күчөптүр. Баарын суракка чакырып жатат. Тескерисинче өкмөттөгү кадыр-барктуу адамдар алар менен бир столго отуруп, кырдаалдан чыгуунун жолун дипломатиянын алкагында сүйлөшсө, эл деле түшүнөт. Алар өкмөттү күтүп, эч бир кайрылууларына жооп болбогондон кийин, көнүл бурулбагандан кийин аргасы кеткенде аттарын минип көчөгө чыгышты”.

Жанар Акаев мындан сырткары Солтон-Сары кенине берилген лицензиянын мыйзамдуулугун карап чыгып, мыйзам бузган кызмат адамдарын жоопко тартуу маселесин да көтөрдү.

25-августта эл өкүлдөрү Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков жана Алтынбек Жунус уулу Нарын облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, калктын көйгөйлөрү менен жеринде таанышып келишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү ыктымал
ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү ыктымал
“AMAZON” эң кирешелүү компания деп табылды
“AMAZON” эң кирешелүү компания деп табылды
Кыргызстанда коронавирус катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт
Кыргызстанда коронавирус катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт
Былтыр Кыргызстан боюнча 1 миллион тоннадан ашык сүт өндүрүлгөн
Былтыр Кыргызстан боюнча 1 миллион тоннадан ашык сүт өндүрүлгөн
Чүйдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Чүйдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Коронавирус Австралияга жетти
Коронавирус Австралияга жетти
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты