Зулпукаров: Өкмөт коомдук пикир менен эсептешип турушу керек

Зулпукаров: Өкмөт коомдук пикир менен эсептешип турушу керек
5-Сен. 2019, Бейшемби, 11:22

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Нарын облусунун Кеңеш айылындагы контейнерден салынган мобилдик мектеп боюнча маселе көтөрдү.

Депутат Зулпукаров өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, өкмөт коомдук пикир менен эсептешип турушу керектигин эскертти.

“Нарын облусунун Кеңеш айылындагы контейнерден салынган мектеп боюнча социалдык түйүндөрдө өтө катуу талкуу жүрүп жатат. Өкмөт коомдук пикир менен эсептешип турушу керек. 2016-жылы 30 мектеп салуу үчүн деп Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 30 миллион доллар бөлүнгөн. Сооронбай Шарипович премьер-министр болуп турганда макулдашуудан өткөн. Акча каражаты бүгүнкү күндө турат. Бирок эмне үчүн үч жылдан бери мектеп курулбай жатат? Буга ким күнөөлүү? Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигиненен сурасак, Билим берүү жана илим министрлигине түртө салат, министрликке кайрылсаң, курулуш агенттигине түртө салат. Мындай болбойт да".

Депутат мөөнөтү менен караганда 30дан ашык мектептин курулушу бүткөрүлүп, 1-сентябрь күнү колдонууга бериши керек экендигин белгилеп өттү.

Социалдык тармактын колдонуучулары мобилдик мектеп делген контейнерлерди кызуу талкууга алып жатышат.


Айрым активисттер ашар жолу менен болсо да айылга мектеп курабыз деп белсенип турушат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү ыктымал
ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү ыктымал
“AMAZON” эң кирешелүү компания деп табылды
“AMAZON” эң кирешелүү компания деп табылды
Кыргызстанда коронавирус катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт
Кыргызстанда коронавирус катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт
Былтыр Кыргызстан боюнча 1 миллион тоннадан ашык сүт өндүрүлгөн
Былтыр Кыргызстан боюнча 1 миллион тоннадан ашык сүт өндүрүлгөн
Чүйдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Чүйдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Коронавирус Австралияга жетти
Коронавирус Австралияга жетти
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты