Момбеков: Усубалиевдин ысымын унаа токтотуучу жайга бергенибиз уят!

Момбеков: Усубалиевдин ысымын унаа токтотуучу жайга бергенибиз уят!
5-Сен. 2019, Бейшемби, 11:48

Турдакун Усубалиевдин ысымын авто унаа токтотуучу жайга бергенибиз уят! Мындай пикирин депутат Рыскеди Момбеков парламенттин жыйынында билдирди.

Бишкек мэриясы Турдакун Усубалиевдин ысымын эски аянтка беребиз деп жатат. Уят эмеспи!” – деди ал.

“Жаңы аянтты салган кишиге эски аянттын атын берген эскилик эмес, кемчилик! Өзбек президенти парламентке сунушун киргизип, Жизак районуна Шараф Рашидовдун атын берди. Казак парламенти 6 мүнөттө Астананы Нур-Султан кылып койду. Бирок тирүү адамдын аты берилбейт, тирүү адамдын ашы берилбейт дейт. Кунаевдин атында көчө, академия бар. Былтыр Кунаев атындагы мечит салдырды. Азербайжанда кандай кылып Гейдар Алиевдин атын түбөлүккө калтырып атышканын айтпай эле коеюн. Аэропорттон баштап, Бакунун бардык жеринде анын аты бар. Биз ушул мамлекетти 25 жыл башкарган адамдын ысымын Өкмөттүн алдындагы унаа токтотуучу жайга берип жатабыз да. Ушул мартабалуу мамлекеттик ишмерге кыла турган мамилеби?! Туугандары бере турган болушса Биринчи Май районуна беришсин, бергиси келбесе жөн эле коюшсун деп жатышат. Биз артык кылабыз деп тыртык кылбашыбыз керек. Керек болсо биз отурган Акүйдү да Турдаун Усубалиев бюджеттен бир тыйын албай курдурган. Биз дагы, Жогорку Кеңеш тиешелүү токтом кабыл алып беришибиз керек

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-августта Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрү менен кеңешме өткөргөн. Анда биринчи вице-премьер-министр, уюштуруу комитетинин төрагасы Кубатбек Боронов Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине даярдыктардын жүрүшү боюнча маалымат берип, 18 пункттан турган иш-чаралар планы иштелип чыкканын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты