ИИМ: Мурдагы президенттин жактоочулары ишти создуктуруп жатат

ИИМ: Мурдагы президенттин жактоочулары ишти создуктуруп жатат
7-Сен. 2019, Ишемби, 14:41

Мурдагы президенттин жактоочулары иштин материалдары менен таанышууда убакытты создуруп жатышат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Тергөө кызматы шектүүгө жана анын коргоочулары Сергей Слесарев менен Замир Жоошевге ушул жылдын 30-августунда тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө жарыялаганын билдирди.

“2-сентябрь жана 3-сентябрь күнү жактоочулар тастыкталган ар кандай шылтоолорду айтып, кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга келишкен эмес. 4-сентябрь күнү шектүү Алмазбек Атамбаев жана анын коргоочулары тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө жарыялаган токтомго кол коюудан баш тартышкан. Ошол эле күнү жактоочулар Слесарев менен Жоошевге 5-сентябрь күнү саат 09:00гө иштин материалдары менен таанышууга келүүлөрү үчүн маалымдама тапшырылган. Андан кийинки күнү, 5-сентябрда жактоочу Жоошев иштин материалдары менен эки саат ичинде таанышса, ал эми жактоочу Слесарев бир саат убакытта таанышып бүткөн”, – деди ИИМ.

Атамбаев менен анын коргоочулары иштин материалдары таанышууну создуруп жаткандыгына байланыштуу, 5-сентябрь күнү Жазык-процессуалдык кодексинин 244-беренесинин 4- бөлүмүнө ылайык 6-сентябрдан 11-сентябрга чейин иштин материалдары менен таанышуу үчүн убакытты бекитүү жөнүндө токтом чыгарылганын ИИМ маалымдады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу жөнүндө 27 томдон турган кылмыш иши жөнүндө токтом менен таанышууга убакыт жетпей турганын айтып, буга каршы арыздана турганы билдирген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!