Каныбек Иманалиев: Эч убакта кыргыз тили жок болбойт

Каныбек Иманалиев: Эч убакта кыргыз тили жок болбойт
10-Сен. 2019, Шейшемби, 12:03

Кыргыз тили эч убакта жок болбойт. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” аталышындагы илимий конференцияда сүйлөп жатып билдирди.

“Анын үч кепилдиги бар”, – деди ал.

“Биринчиси, бул – кыргыз мамлекети.Анын Конституциясы – мамлекеттик институттар.

Экинчиси, ал тилде сүйлөгөн 6 млн кыргыз эли бар.

Үчүнчүсү, сөздүк болуп кагазга түшүп калган "Манас" менен Чыңгыз Айтматовдун тили.

Дүйнөдө жети миң тил бар. Жакынкы 100 жылдыкта ошонун үч жарым миңи жок болуп кетүү коркунучунда турат. Кызыл китепке кирген жаныбарларга караганда аз адамдардын тили жок болуп баратат. Алар эмне үчүн жок болуп баратат? Себеби, жок болуп кетчү үч жарым миң тилдин бирөөсү дагы сөздүк болуп жазылган эмес. Биз Касым Тыныстанов башында турган кыргыз тилинин көсөмдөрүнө ыраазы болушубуз керек. Кыргыз тилинин эрежелери, грамматикасы эталон тилдердин катарында иштелип чыгып, бүгүнкү күндө кыргыз тил сөздүктөрү кадимки китеп болуп чыгып, илим иликтенген тил”.

Бүгүн Жогорку Кеңеште 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” аталышындагы илимий-тажрыйбалык конференция өтүп жатат. Ага коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, өкмөттүн, министрликтердин, окуу жайлардын өкүлдөрү катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Айзуура Иманалиева эң көп берилген суроого жооп берди
Айзуура Иманалиева эң көп берилген суроого жооп берди
Жээнбеков: Коопсуздук кеңештин чечимдери тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатат
Жээнбеков: Коопсуздук кеңештин чечимдери тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатат
Тилемчилик кылып жүргөн 6 жана 2 жаштагы балдар табылды
Тилемчилик кылып жүргөн 6 жана 2 жаштагы балдар табылды
​Макгрегорго дароо эле эки таймаш сунушталды
​Макгрегорго дароо эле эки таймаш сунушталды
 Кытайдан эт ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди
Кытайдан эт ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди
Гүлжигит Сатыбеков: Таптым деп бир сүйүнүп алдым
Гүлжигит Сатыбеков: Таптым деп бир сүйүнүп алдым
Елизавета II Брекзит мыйзамына кол койду
Елизавета II Брекзит мыйзамына кол койду
Чачты өстүрүүчү маска
Чачты өстүрүүчү маска
Ийгиликке жетиш үчүн кандай жол тандоо керек?
Ийгиликке жетиш үчүн кандай жол тандоо керек?
​IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына улуттук спорттун 7 түрү кирди
​IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына улуттук спорттун 7 түрү кирди
ТИМ Кытайдагы вирустун жайылышы боюнча билдирүү таратты
ТИМ Кытайдагы вирустун жайылышы боюнча билдирүү таратты
Бишкектеги №5 автобустук каттам өз ишин калыбына келтирди
Бишкектеги №5 автобустук каттам өз ишин калыбына келтирди
Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштө бир катар жакшы жыйынтыктарына жеттик
Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштө бир катар жакшы жыйынтыктарына жеттик
ӨКМ: Бүгүн тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө
ӨКМ: Бүгүн тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө
​Окумуштуулар ден соолукка эң пайдалуу спорттун түрүн атады
​Окумуштуулар ден соолукка эң пайдалуу спорттун түрүн атады
Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат
Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат