Камчы Көлбаев сурак берип чыкты

Камчы Көлбаев сурак берип чыкты
12-Сен. 2019, Бейшемби, 10:56

Уюшкан кылмыштуу топтун жетекчиси делген Камчы Көлбаев Жайыл райондук ички иштер башкармалыгына сурак берип чыкты.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы түшүндүргөндөй, учурда Жайыл райондук милициясы “алдамчылык” беренеси менен козголгон ишти иликтеп жатат. Иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн Камчы Көлбаев 11-сентябрь күнү күбө катары суракка чакырылып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн соң кое берилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун маалыматы боюнча учурда атайын каттоодо уюшкан кылмыштуу топтордун 523 активдүү мүчөсү турат.

“Көлбаевдин тобунда 424, Бокушевдин тобунда 50, Батукаевдин тобунда 49. Мындан сырткары, жогорудагы топторго тиешеси жок 941 адам да ар кандай кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо. 2017-жылы ар кандай кылмыштарды жасаганы үчүн Ички иштер министрлиги тарабынан 241 уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, кылмыш жоопкерчилигшине тартылышкан”, – деген ал парламенттин жыйынында.

Камчы Көлбаев кылмыштуу топтун башчысы катары ИИМдин каттоосунда турат.

Сүрөт: Азаттык

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!