Орозова: Качанкыга чейин чындыкты айткандарды суракка чакыра беришет?!

Орозова: Качанкыга чейин чындыкты айткандарды суракка чакыра беришет?!
17-Сен. 2019, Шейшемби, 14:59

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны талкууга алышты.

Жыйында депутат Карамат Орозова чындыкты айткан адамдарды суракка чакырууну токтотуу талабын койду. Эл өкүлүнүн пикиринде, аларды суракка чакыргандын ордуна убагында кабыл алып, маалыматты угуп коюшканда бүгүнкүдөй абал жаралбайт эле.

“Кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда, Жогорку Кеңештин депутаттарына караганда жергиликтүү кеңештин депутаттары ыкчам аракет көрүштү. Себеби, алар бул окуя башталганга чейин эле атайын Ак үйгө, Өкмөткө келишти. Кирүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, массалык маалымат каражаттары аркылуу маалыматтарын бере баштады. “Марал” радиосуна маалымат берип жатканда ал депутаттарды Ички иштер министрлигинин кызматкерлери суракка чакырышты. Качанкыга чейин чындыкты айткан жарандарыбызды суракка чакыра беришет?! Андан көрө аларды чакырып маалыматын укса, бүгүнкүдөй абал болбойт эле”, – деди Орозова.

Таң эрте премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келди. Ал чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуү өткөрүп жатат. Андан сырткары, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт. Ошондой эле вице-спикер Мирлан Бакиров баштаган депутаттардын тобу Баткен облусуна барышты.

Кечээ, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп, Кыргызстандын “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов каза таап, 13 жаран жаракат алды. Алардын арасында 14 жаштагы өспүрүм бар экени айтылууда.

Кыргызстандын чек ара кызматы тажик тарап биринчи ок чыгарганын маалымдады. Чыр Лейлектеги Максат айылында болгон. Учурда кырдаал турукташып, ок атуу токтотулганы кабарланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот