Жогорку Кеңеш чек ара чыры боюнча премьер-министрдин маалыматын угат

Жогорку Кеңеш чек ара чыры боюнча премьер-министрдин маалыматын угат
18-Сен. 2019, Шаршемби, 10:05

Жогорку Кеңеш Баткен облусундагы Максат айылында катталган чек арадагы окуя боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалыматын угат. Бул тууралуу төрага Дастан Жумабеков парламенттин жыйынында билдирди.

“Премьер-министр, депуттатык топ да түндө учуп келди. Ушулардын баарын эске алып, саат 14:00гө премьер-министрди чакырып, тийиштүү органдардын жетекчилери менен маалыматын уксак. Токтомдордун аткарылышын угууну кийинки жумага коюп, терең маалымат алалы. Андан чечим кабыл алабыз”, – деди төрага.

17-сентябрь күнү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» өткөрмө-көзөмөл пунктунда Кыргызcтандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусу өттү. Анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кечээ ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн чек ара окуясына байланыштуу кырдаалды басаңдатуу боюнча көрүлгөн чараларга тийиштүү маселелер талкууланганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчылар аны менен бирге чек ара аймагына жакын жайгашкан айылдардын калкы арасында тиешелүү түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырышты.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп, Кыргызстандын “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов каза таап, 13 жаран жаракат алды. Ал эми тажик тарап атышудан үч чек ара кызматкери каза болгонун маалымдады. Чыр Лейлектеги Максат айылында болгон. Учурда кырдаал турукташып, ок атуу токтотулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот