Шаршеев: Чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу пикирге келдик

Шаршеев: Чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу пикирге келдик
19-Сен. 2019, Бейшемби, 15:39

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу пикирге келдик. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди.

Анын айтымында, учурда делимитация жана демаркация иштерин тездетүү иши биринчи орунда турат.

“Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстандын чек ара кызматы менен башында эле жетекчилер болуп сүйлөшүп, байланышып турдук. Саат 19:50 чамаларында эки тараптуу ок атуу токтоду. Тилекке каршы, өздүк курам ар кайсы жерде болгондуктан атышуу бир жарым сатка созулуп кетти. Тез аранын ичинде ал жерге барып жагдайды жөнгө салуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. 17-18-сентябрда тынымсыз сүйлөшүүлөр болуп жатты. Ар бир тарап өзүнүн дооматтарын, талаптарын койду. Бирок абалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу чечимге келдик. Биринчиси, күчөтүүгө келген өздүк курамды чек арадан алуу, чек араны штаттык бөлүмдөр менен кайтаруу. Экинчиси, милиция кызматкерлери эки тараптан талаш-тартыш болуп жаткан жерлерди биргелешип кароо боюнча иш-чара макулдашылды”, – деди Шаршеев.

Ал эми эки өлкөнүн элдин ынтымакка чакыруу максатында спорттук мелдештери уюштуруу боюнча жергиликтүү бийликке тапшырмалар берилгенин кошумчалады.

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу өкмөттүн маалыматын жабык угуп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот