Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек

Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
20-Сен. 2019, Жума, 18:38

Бүгүн "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов бизнес өкүлдөрүнүн башын бириктирген “Ишкерлердин орчундуу көйгөйлөрү жана анын чечүү жолдору” аттуу жолугушуу өткөрдү.

Ага “Кока-кола”, “Мегаком”, “Бишкексүт” сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери, бизнес-ассоциациялардын башчылары жана тиешелүү өкмөт мүчөлөрү катышты.

Иш-чаранын башында сөз сүйлөгөн депутат Жыргалбек Турскулов Өкмөт менен Парламент жеке ишкерлерге жөлөк-таяк болушу керектигин белгиледи.

“Сиздерге Өкмөт, Парламент бардык жактан камсыздап, жөлөк-таяк болуп беришибиз керек. Ошондо сиздердин ишиңиздер алдыга жылат. Ал үчүн бардыгыбыз биргелешип, жаралган маселени ачык айкын айтып, бир чечимге келсек. Анын негизинде протоколдук тапшырма берип, өзүм көзөмөлүмө алам. Муну ишке ашырыш керек” , – деди Турускулов.

Турускулов ошондой эле ишкерлерди колдоо боюнча аракеттер өкмөт тараптан жетиштүү деңгээлде болбой жатканында да токтолду.

“Бүгүнкү күндө өкмөт жердин категориясы менен багытын которуу (трасформация) маселесин чечпей, кечеңдетип жатышат. Муну чечиш керек. Биз инвесторлорго шарт түзүп берели дейбиз.Тилекке каршы, келген инвесторлорго биринчи завод-фабрика курууга жерин да бөлүп бергенге өкмөт жарабай жатат”, – деди депутат.

Маалымат үчүн айта кетели, Кыргызстанда жалпы 15 миңге жакын ишкана иштейт. Алардын 93%ы чакан ишканалар болсо, 7%ы орто ишканалар. Ал эми жеке ишкерлердин саны 400 миңге чукулдайт.

Бүгүн, 20-сентябрда ишкерлердин кесиптик майрамы белгиленип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Жапония курамы Ак шумкарларды 2:0 эсеби менен жеңди
​Жапония курамы Ак шумкарларды 2:0 эсеби менен жеңди
Президент балет бийчилери менен жолугушту
Президент балет бийчилери менен жолугушту
“Кыргыздын Баскову” Чырмаш Төрөбеков ыр кечеге чакырат
“Кыргыздын Баскову” Чырмаш Төрөбеков ыр кечеге чакырат
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Шайлоодо административдик ресурс колдонулбаш керек"
Мээсине ийне сайылып калган үч жашар кыз аман калды
Мээсине ийне сайылып калган үч жашар кыз аман калды
Марста жашоо барбы?
Марста жашоо барбы?
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
"Шумкар" атайын багыттагы полку жарандарды жумушка чакырат
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Златан Ибрагимович
Златан Ибрагимович "Гэлакси" клубунан кеткендигин жар салды
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти