Курсан Асановго дагы бир кылмыш иши ачылды

Курсан Асановго дагы бир кылмыш иши ачылды
23-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 18:11

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго дагы бир кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын отурумунда аскер прокурору Нуркамал Набиев билдирди.

Анын айтымына караганда, Курсан Асанов атайын багыттагы кызматкерди өзүнүн жанына мыйзамсыз айдоочу кылып алып жүргөн.

“Атайын багыттагы кызматкерди эч кандай буйругу жок, мыйзамсыз жанына алып жүргөн. Бул боюнча өзүнчө кылмыш иши бар. Ички иштер министрлиги териштирүү жүргүзүп, бизге документтерин берди. Аскер прокуратурасы өзүнчө иш ачты. Тергөө жүрүп жатат. Курсан Асановдун аракетине баа берилет”, – деди аскер прокурору.

Асанов “кыргыз милициясынын кызыкчылыгына чыккынчылык кылды” жана “ишенимден кетти” деген негизде ушул жылдын 13-августунда кызматынан бошотулган. Ага карата Башкы прокуратура Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Асанов бул иште “далил буюмдарды жаап-жашырган” деп шектелип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот