Турсунбеков: Чек ара боюнча кабыл алынган токтомдордун аткарылышын тактап жатабыз

Турсунбеков: Чек ара боюнча кабыл алынган токтомдордун аткарылышын тактап жатабыз
24-Сен. 2019, Шейшемби, 11:29

Чек ара боюнча парламент кабыл алган токтомдордун аткарылышын тактап жатабыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков журналисттерге билдирди.
Депутат учурда өкмөттүн Баткен боюнча маалыматы угулуп, чек арага байланыштуу суроо-жооптор уланып жатканын айтты.
"Жогорку Кеңеш чек ара боюнча бир топ токтомдорду кабыл алган. Өкмөт токтомдордун 90 пайызы аткарылгандыгы боюнча маалымат берди. Биз тактап жатабыз. Ага жараша чечим кабыл алабыз", - деди Турсунбеков.
Учурда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Баткендеги чек ара маселесин жабык карап жатат. Депутаттардын суроолоруна күч блогун жетектеген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жооп берип жатат.
16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп, Кыргызстандын “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов каза таап, 13 жаран жаракат алган. Ал эми тажик тарап атышуудан үч чек ара кызматкери каза болгонун маалымдады. Чыр Лейлектеги Максат айылында болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот