Турсунбеков: Айтматова жөн эле бир цифраны жулуп алып жомокту айткан

Турсунбеков: Айтматова жөн эле бир цифраны жулуп алып жомокту айткан
24-Сен. 2019, Шейшемби, 17:45

Ширин Айтматова жөн эле бир цифраны жулуп алып жомокту айткан. Бул тууралуу “КСДП” фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков журналисттерге билдирди.

Ал Айтматованы эски саясатчылардын тапталган жолу менен кетип бараткандыгын айтты.

“Ширин карындашым Жогорку Кеңеште да депутат болуп отурду. Чоң экономист экенин көргөн эмесмин. Ага караганда ал атын атап жаткандар көбүрөөк Кыргызстанга пайда алып келди. Жүз миллиондогон салык төлөп, көпчүлүгү Кыргызстандын экономикасы үчүн иштеп жаткан жигиттер. Мен ошон үчүн айтаар элем, эмгегин караш керек. Ал жөн эле бир цифраны жулуп алып жомокту айткан”, – деди Турсунбеков.

Турсунбеков ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев экономиканын түшүнгөн саясатчы катары аталган мыйзам боюнча туура кадамга барганын кошумчалады.

Мурдагы депутат Ширин Айтматова негиздеген “Үмүт 2020” кыймылы депутаттар элге каршы келген мыйзам долбоорун кабыл алганын айтып чыгып, коомчулукка атайын видеосун жарыялады.

Анда Ширин Айтматова КСДП фракциясынын мурдагы лидери Чыныбай Турсунбеков “Акун” фирмасына, “Кыргызстан” партиясынын ээси Шаршембек Абдыкеримов Казакстандагы жарым-жартылай мамлекеттик «Самрук Казына» компаниясы менен бирге «KazGrain» ишканасына ээлик кылары, ал эми “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери парламентке келгенге чейин “Мариям” аттуу фирманын башкы директору болуп турганын айткан. Айтматова муну менен аталган саясатчылар өзүлөрүнүн кызыкчылыгын көздөп, өкмөт сунуштаган “арпа менен буудайды кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алууда миллиондогон киреше тапканын айтып жатат.

Видеодо аталган мыйзам партия лидерлери үчүн парламенттик шайлоодо чыгымды толтурууга кандайча пайдасы тийгени, андан сырткары кандайча 650 млн сом кошумча пайда көрүшкөнү да айтылган.

Аты аталган саясатчылар сөз болуп жаткан мыйзам долбоорун кабыл алууда эч кандай лобби болбогонун билдиришти.

Ширин Айтматова белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы. Учурунда “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен парламент депутаты болгон. Ал «Үмүт 2020» аттуу кыймылды негиздеп, “ууру жана коррупциячыл парламентти тазалбыз” деген ураан менен чыгып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Тайсон Фьюри техникалык нокаут менен Деонтей Уайлдерди жеңди
​Тайсон Фьюри техникалык нокаут менен Деонтей Уайлдерди жеңди
​Сүйүнчү! Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду (видео)
​Сүйүнчү! Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду (видео)
​Бир колдуу мушкер 13-мартта таймашка чыгат (видео)
​Бир колдуу мушкер 13-мартта таймашка чыгат (видео)
Рыспаев: Ата-энеңердин үмүтүн актаган жарандардан болгула!
Рыспаев: Ата-энеңердин үмүтүн актаган жарандардан болгула!
Абылгазиев: Өлкөнүн экономикалык  өнүгүшү аны туура пайдалануудан көз каранды
Абылгазиев: Өлкөнүн экономикалык өнүгүшү аны туура пайдалануудан көз каранды
​Лионель Месси атаандашы Роналдуну жырткычка теңеди
​Лионель Месси атаандашы Роналдуну жырткычка теңеди
Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Кубатбек Боронов жана Сергей Румас кызматташтык маселелерин талкуулашты
Кубатбек Боронов жана Сергей Румас кызматташтык маселелерин талкуулашты
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды
 Коронавирус: Кытайда 300 кыргызстандык бар
Коронавирус: Кытайда 300 кыргызстандык бар
Жылдын таймашы: ​Бүгүн “Уайлдер-Фьюри” реваншы болот
Жылдын таймашы: ​Бүгүн “Уайлдер-Фьюри” реваншы болот
Мугалимдер инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатат
Мугалимдер инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатат
  Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт
Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт
Өткөн жылда өлкөдө эшек, коён жана чочконун саны азайдыбы?
Өткөн жылда өлкөдө эшек, коён жана чочконун саны азайдыбы?
Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү
Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү
Аламүдүн айылында эл ташыган 8 автобус ишке киргени турат
Аламүдүн айылында эл ташыган 8 автобус ишке киргени турат