Момбеков: “Манас” деген арак чыкты. Эртең “Каныкей” деген коньяк чыгарат

Момбеков: “Манас” деген арак чыкты. Эртең “Каныкей” деген коньяк чыгарат
26-Сен. 2019, Бейшемби, 12:01

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков мамлекеттин "Манас" эпосуна болгон мамилесин сынга алды.

Ал учурда “Манас”, “Бакай” деген арак чыгып жатканын айтып, буга өкмөт тараптан эч кандай чара көрүлбөй жатканына токтолду.

“Кечээ Улуттук биринчи каналда “Мамлекеттин Манаска болгон мамилеси” деген телеберүү болду. Ага окумуштуулар, манасчылар, Жогорку Кеңештен мен катыштым. Бирок өкмөттөн бир дагы киши катышкан жок. Мына мамлекеттин Манаска болгон мамилеси. Ал берүүдө “Эмне үчүн “Манас” эпосу боюнча кабыл алынган мыйзам иштебейт?” деп өкмөттүн дарегине ачуу сындар айтылды. 2012-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов тарабынан беш жылдык улуттук программа кабыл алынтыптыр. Ошонун беш пайызы да ишке ашпаптыр. Анда мыйзамды эмнеге чыгардык? Биз Манасты коргой албай жатабыз. Эми эрегишкенсип “Бакай”, “Аккула” деген арак чыгарып жатыптыр. Эртең “Каныкей” деген коньяк чыгарат. Ушинтип отура беришибиз керекпи?“ – деди Момбеков.

“Манас” эпосу жөнүндө мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. Ал мыйзам "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору) сактоого, өнүктүрүүгө жана даңазалоого байланышкан маселелерди жөнгө салат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн