Рыспаев: Кыргыздар тууралуу айткан сөзү үчүн Малаховго чара көрүлсүн!

Рыспаев: Кыргыздар тууралуу айткан сөзү үчүн Малаховго чара көрүлсүн!
26-Сен. 2019, Бейшемби, 17:00

Кыргыздар боюнча айткан сөзү үчүн теле алып баруучу Андрей Малаховго чара көрүлсүн. Бул туралуу депутат Кожобек Рыспаев парламенттин жыйынында билдирди.

"Андрей Малаховдун “Прямой эфир” берүүсүндөгү кыргыздар жөнүндө айткан сөзү боюнча протоколдук тапшырма берип коеюн деп чечтим. Ал айтып жатат: “Кыргыздар 10 долларга эптеп жашайт. 100 миң доллар берсе, каалаган буйрутманы аткарат”, – деп. Таксит бала олигархтын баласын сүзүп алганда ал каза болуп калып, азыр эки ай тергөө абагында. Малахов буларга 100 миң берсең, бир айылды унчукпай эле сатып алсан болот деген мааниде айтып жатат. Буга Тышкы иштер министрлиги, элчилик реакция кылышы керек. Кыргыздарды кемсинткенге жол бербеш керек”, – деди депутат.

24-сентябрь күнү «Прямой эфир» телеберүүсүндө Москвада жол кырсыктан каза болгон олихархтын баласы Александр Маруговдун өлүмү боюнча атайын талкуу болгон. Анда Малахов: “Рулда 23 жаштагы бала болгон. Ал башка өлкөдөн келип, бир нече ай таксиде иштеген. Ага 100 миң доллар берсең, ал акча анын бүт үй-бүлөсүн, бүт айылын, туугандарын бактылуу кылат. 10 долларлык айлык алган алар өмүрүнүн аягына чейин мынча акча таба алышпайт”, – деп айткан.

Кырсык боюнча: Александр Маругов мотоцикли менен катуу ылдамдыкта келе жатып таксист болуп иштеген Исламбек Акбаровдун унаасы менен кагышып, Орусиянын жараны көз жумган. Акбаров кырсыкка күнөөлөнүп, эки айга камакка алынган.

Учурда интернет колдонуучулар Малаховду бүткүл кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылып жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот