Боронов: “Алтынкен” компаниясы эки фондго өз үлүшүн кошмой болду

Боронов: “Алтынкен” компаниясы  эки фондго өз үлүшүн кошмой болду
2-Окт. 2019, Шаршемби, 11:03

Чүйдүн Кемин районунда жайгашкан “Алтынкен” компаниясы жакында эле түзүлгөн эки фондго өз үлүшүн кошмой болду. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбеков Боронов Жогорку Кеңештин тармактык комитети уюштурган көчмө жыйында билдирди.

“Биз “Кумтөр” менен акыркы келишимде бизге тийип жаткан үлүштүн үстүнө эки фонд түзөбүз деп сүйлөшкөнбүз. Биздин стратегияга ылайыктуу региондорду өнүктүрүү жана жаратылышты коргоо боюнча фонд түзүлгөн. Бул эки фондду “Алтынкен” компаниясы дагы колдоп, ушундай эле фондго өз үлүшүн кошо турган болуп жатат. Бул ыкманы башка кен иштеткен компаниялар менен да жайылтып, келечекте биздин региондорго салым кошууну киргизип жатабыз. Жаратылыш, экология маселесин чечүүдө дагы бир топ салым кошулат деп эсептейм” – деди Боронов.

Парламенттин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйынында компанияда иштеген кызматкерлердин айлык маянасы, аларга түзүлгөн шарттар боюнча да маалымат угулду.

Анда депутаттар кыргыз жарандарынын айлыгы аз болуп жаткандыгын айтышып, кен иштетүүгө керектелген жабдыктардын баасы жогорулатылып көрсөтүлгөн деген шек саноолор бар экендигин, ага сарпталган чыгымдардын мыйзамдуулугун карап чыгуу маселесин көтөрүлдү.

“Алтынкендин” башкы директору Чжан Хуахуэйдин айтымында, компанияда жыл сайын финансылык отчеттуулук боюнча аудит жүргүзүлүп турат. Эгер кайсы бир жабдык жогорулатылган баада көрсөтүлсө, аудиттик текшерүүдө аныкталмак.

Сөз болуп жаткан “Алтынкен” компаниясы 2006-жылы негизделген. 2011-жылдын сентябрь айында “Алтынкендин” 60 пайызын кытайлык «Zi Jin Mining» аттуу компания сатып алган. Ал эми калган 40 пайызы “Кыргызалтынга” таандык. Бул компания 2018-жылы 3 тоннадан ашык алтын өндүргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Анжелика  Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Анжелика Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
  Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Депутат:
Депутат: "Мен кудаймын" деп кыйкыргандарга кандай чара көрүлөт?