“Лобби” кылганыңарды токтоткула! Кожобек Рыспаев кимге нааразы?

“Лобби” кылганыңарды токтоткула! Кожобек Рыспаев кимге нааразы?
2-Окт. 2019, Шаршемби, 15:38

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев тармактык комитеттин көчмө жыйынында алтын концентраттарынын курамын текшерген “Алекс Стюарт” аттуу жеке компанияны Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети лобби кылып жатат деп айыптады.

Депутаттын айтымында, “Алекс Стюарт” аттуу компания Кыргызстанда төрт жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ал эми мамлекеттик лабороторияга көңүл бурулбай калдгандыктан, учурда банкроттук абалга кептелген.

Сиз “Алекс Стюарт” менен абайлап иштеп, аны жактаганды токтотуңуз. Борбордук лабороторияны жандандырыш керек деп айтып жүрөм. “Алекс Стюартты” эрке бала кылдыңар. Ачык айтып жатам, ал жактан сиздин кулактарыңыз чыгып жатат. Лобби кылганды токтоңуз! Мурун баары эле борбордук лабороторияга эле кетчү. 2014-жылы аталган компанияны “сертификаты бар экен” деп киргизип койдуңар”, – деди депутат.

“Алекс Стюарт”– алтын жана башка затттарды лабороториядан өткөрө турган жеке менчик компания.

Ал эми Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин орун басары Карыбек Ибраев Кожобек Рыспаевдин айыптоосуна кошулбайт. Ал Кыргызстанда жайгашкан лаборотория эл аралык стандартка жооп бере албай турганын айтат.

“Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги үч компания бар. Алар аркылуу бизде консентраттар чыгарылат. Өкмөттүн токтому бар. Эл аралык компаниялар текшерүүлөрдү (проба) алып, чыккан анализ аркылуу салыктар төлөнөт. Биздин борбордук лабороторияны жандандырыш үчүн жаңы жабдуулар, адистер керек. Ага көпкөп каражат керектелет. Азыр өкмөттө ушул багыттагы жумуштар жасалып жатат. Бизде лаборотория бар, бирок эл аралык стандартка жооп бере турган аккредитациясы жок”, – деди Ибраев.

Айта кетчү жагдай, Кыргызстанда кенден алтынды өзүнчө ажырата турган фабрика да жок. Ошол эле учурда алтын тазалоочуфабриканын зыяндуулугу жок деп эч ким айта албайт. Кожобек Рыспаев маалымдагандай, Азыркы тапта “Талды-Булак Сол Жээк” кенинен чыккан концентраттар Казакстандын Балкаш шаарына жөнөтүлүп, ал жактан иштетилет.

Шарт боюнча Казакстан иштетилген алтынды Кыргызстанга кайтарат. Ал эми жез менен күмүш ошол жерден сатылып, акчасы Кыргызстанга алынып келинет.

“Талды-Булак Сол Жээк” кенин иштетип жаткан “Алтынкен” компаниясы 2006-жылы негизделген. 2011-жылдын сентябрь айында “Алтынкендин” 60 пайызын кытайлык «Zi Jin Mining» аттуу компания сатып алган. Ал эми калган 40 пайызы “Кыргызалтынга” таандык. Бул компания 2018-жылы 3 тоннадан ашык алтын өндүргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Анжелика  Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Анжелика Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
  Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Депутат:
Депутат: "Мен кудаймын" деп кыйкыргандарга кандай чара көрүлөт?