Матраимов: "Жөө адамдар өтчү жол сызыктарга түнкү чырактарды орнотуу керек”

Матраимов:
8-Окт. 2019, Шейшемби, 18:07

Унаа жолдордогу жөө адамдар өтчү жол сызыктарына түндө жарык берип турган чырактарды орнотуу керек. Мындай сунушун депутат Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында айтты.

Эл өкүлүнүн белгилешинче, жол сызыктары айдоочуларга көрүнүп турса, адамдарды сүзүп кетүү фактылары жок болмок.

“Чет өлкөгө иш сапар менен барып калганда жөө адамдар өтчү жол сызыктарына түнкү жарыктар орнотулуп турганын көрүп жүрөбүз. Бизде да ошондой кылууга болобу? Жөн гана жолдун эки тарабына кичинекей мамы орнотуп, жарык берип турган чырактарды орнотуп коюунун эч кандай оорчулугу жок болуш керек”, – деди ал.

Депутат айрым учурда айдоочулар жарыктын жоктугунан жол белгилерин байкабай же адамдын өтүп баратканын көрбөй калып жатканын айтып, анын кесепетинен кырсыкка кабылып жаткандар көп болуп жатканын да кошумчалады.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов айтылган сунушту эске аларын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
УКМКнын 9-кызматына башчынын милдетин аткаруучу дайындалды
УКМКнын 9-кызматына башчынын милдетин аткаруучу дайындалды
​Хабиб Фергюсон менен таймашта 10 миллион доллар алат
​Хабиб Фергюсон менен таймашта 10 миллион доллар алат
Ырыскелди Осмонкулов 50 жылдык мааракесине арналган концертин өткөрөт
Ырыскелди Осмонкулов 50 жылдык мааракесине арналган концертин өткөрөт
Ноябрь айында Жогорку Кеңештин айлык маянасы кыскарды
Ноябрь айында Жогорку Кеңештин айлык маянасы кыскарды
Кыргызстанда 11 миң чакан ишкана иштеп жатат
Кыргызстанда 11 миң чакан ишкана иштеп жатат
Лионель Мессинин айкели тургузулат
Лионель Мессинин айкели тургузулат
Кыргызстан Өзбекстанга мал жана картошка экспорттой баштады
Кыргызстан Өзбекстанга мал жана картошка экспорттой баштады
Улуттук банк: 2020-жылдын I жарымында инвестициялык абал туруктуу болот
Улуттук банк: 2020-жылдын I жарымында инвестициялык абал туруктуу болот
Кытай Кыргызстанга 215 млн доллар инвестиция салган
Кытай Кыргызстанга 215 млн доллар инвестиция салган
​Руис – Джошуа: Жылдын реваншы бүгүн өткөрүлөт
​Руис – Джошуа: Жылдын реваншы бүгүн өткөрүлөт
Шатемиров Салык кызматынын орун басары болуп дайындалды
Шатемиров Салык кызматынын орун басары болуп дайындалды
Он айда Кыргызстандын чек арасынан 21.3 млн адам өткөн
Он айда Кыргызстандын чек арасынан 21.3 млн адам өткөн
Матраимов: Тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаанын бетин ачууга кызыктармын (видео)
Матраимов: Тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаанын бетин ачууга кызыктармын (видео)
Азия-2020: Футзал боюнча Кыргызстандын атаандаштары аныкталды
Азия-2020: Футзал боюнча Кыргызстандын атаандаштары аныкталды
1 миллиард долларлык баңгизат колго түшүрүлдү
1 миллиард долларлык баңгизат колго түшүрүлдү
Президент Абдыганы Эркебаев менен  Бахтияр Салиевди кабыл алды
Президент Абдыганы Эркебаев менен Бахтияр Салиевди кабыл алды