Рыскелди Момбеков транспорт министрин адвокат болбоого чакырды

Рыскелди Момбеков транспорт министрин адвокат болбоого чакырды
22-Окт. 2019, Шейшемби, 14:46

Депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновду жол салган компанияларга адвокат болбоого чакырды.

Ал Талас-Тараз жолунун курулушу 2017-жылы бүтүшү керек болгон болсо, жол куруу иштери азыркы күнгө чейин аягына чыга электигин белгиледи.

“2019-жыл акыркы мөөнөт болчу. Министрликтин шалаакылыгынан мөөнөтү өтүп кетип Ислам өнүктүрүү банкы каржыны толук бербей, жаап салды. Банкта 1 миллион 600 миң доллар акча калып калды. “Чакыр Япы” компаниясы качып кеткен, “Кыргыз жол курулуш” компаниясы акчасын ала албай соттошуп жүрөт, УКМК кылмыш ишин козгоду. Мен факты менен айтып жатсам сиз эмнеге жомок айтып жатасыз?" деди Момбеков Жолдор жана транспорт мнистри Жанат Бейшеновго.

Депутаттын айтымы боюнча жол куруу иштери 2017-жылдын август айында бүтүшү керек болгон.

"Эки жыл өттү, бүтө элек. Буйрутма берген министрлик. Демек, эч кандай көзөмөл болгон жок”, деди депутат.

Ал эми министр Жанат Бейшенов аталган жолдун курулушу 99 пайызга бүткөнүн маалымдады. Анын билдиришинче, жол чырактар толугу менен орнотулуп, тратуарлар салынып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады