Момбеков: Лента кесип жыргап атасыңар, тушоо кесүү жагына барбасаңар болду

Момбеков: Лента кесип жыргап атасыңар, тушоо кесүү жагына барбасаңар болду
22-Окт. 2019, Шейшемби, 17:18

Жалаң эле лента кесип жыргап атасыңар, ленталар түгөнүп калып тушоо кесүү жагына барбасаңар болду, Кудай сактасын! Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

“Мисалы, биздин кесиптешибиз Азамат Арапбаев ачкан ишканасын өкмөт ачкан жок. “Гаваи” кафесинин ээси ачкан сүт заводдору өкмөттүкү эмес да? Бирок кызыл ленталарды тим эле чытырата кесип атабыз”, – деди депутат.

Ал эми биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов депутаттын бул сынына мындайча жооп кайтарды:

“Барбай койсоң, “Өкмөт элден ажырап кетти, тим эле асманды карап чакырган жерге барбайт” деп айтышат. Барса, “лента кесип эле жүрөт” дейсиңер. Эмне үчүн жакшылыктарды элге көрсөтпөшүбүз керек? Ал жерге лента кесип тамак ичиш үчүн барбайбыз”, – деди Кубатбек Боронов.

Боронов ошондой эле ишкерлерге жакшы шарт түзүлгөндүгү үчүн өлкөдө ишканалар ачып жатканын кошумчалады.

Бүгүн, 22-октябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашты. Соӊунда комитет мүчөлөрү келерки жылдын бюджет долбоорунда талкуулай турган маселелер көп болгондуктан, мыйзам долбоорун кароону кийинки отурумда улантуу чечимин кабыл алышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады