Жанар Акаев: Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн түрмөгө тыкканга да акча керекпи?

Жанар Акаев: Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн түрмөгө тыкканга да акча керекпи?
23-Окт. 2019, Шаршемби, 10:08

Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү баш көтөрүп, күч органдары алар менен күрөшүүдө чабал болуп жатат. Мындай пикирин депутат Жанар Акаев парламенттин жыйынында билдирди.

Ал учурда крим чөйрөнүн өкүлдөрү чакан кафеден баштап, унаа оңдоочу жайлардын ээлеринен да ай сайын салык чогултуп жатканын баса белгиледи.

“Өткөн жумада “Мадина” кафесинин ээси Мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Бул бүтүндөй бизнеске, ишкерлерге болгон чоң сокку болду. Мамлекет, өкмөт ушундай маселеде өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп жатат. Криминал азыр Кыргызстанда кадимкидей баш көтөрдү. Жарым жылда 247 млн акча мамлекеттен чыгып кетти. Азыр орто бизнестегилер дагы акчаларын алып чыгып кетип жатат. Ички иштер министрлиги криминал менен күрөшүүдө өзүнүн алсыздыгын кылып жатат”, – деди Жанар Акаев.

Эл өкүлү ошондой эле криминал менен күрөшүү үчүн эч кандай каражаттын кереги жок экенин, Ысык-Көлдөгү “Осьминог” ресторанынын ээси криминалдардын өкүлүнө салык төлөбөй койгондугу үчүн рестораны өрттөлүп, өзү коркутууга кабылганын эскертти:

“Криминалдык авторитеттерди, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн четинен түрмөгө тыкканга да акча керекпи? Буга саясий эрк керек. Ошондой болбой жатат”

Эске салсак, 4-октябрдан бери белгисиз болуп жаткан Хуфур Абдурахеман аттуу ишкердин сөөгү Кочкор районундагы жолдун жанынан табылган. Анын сөөгүн жолдун жээгине жашыруун көмүп салышкан. Ал эми Абдурахеман айдап жүргөн ак түстөгү «BMW Х5» автоунаасын шектүүлөр кара түскө боёп салган. Шаардык милиция ишкердин өлүмүнө шектүү төрт киши эки айга камакка алынганын 21-октябрда билдирген. Абдурахеман 5-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады