Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар

Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
23-Окт. 2019, Шаршемби, 14:42

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Талкууда депутат Улугбек Ормонов бул мыйзам ата-энелердин чөнтөгүнө мыйзамдуу түрдө кол салууга шарт түзөрүн айтып, анын ордуна окуучулардын тамагына бөлүнгөн акча каражатынын суммасын көбөйтүү керектигин билдирди.

“Негизи керектүү мыйзам, бирок мындай түрүндө эмес. Биз ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатабыз. Мектепке барган балага “акча төккүн” деп айтышат. Ушул нерсени мыйзамдаштырып жатасыңар, өзүңөрдүн чыгарган мыйзамыңарга каршы келип жатат” , – деди Ормонов.

Депутаттын суроосуна жооп берген Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ата-энелердин макулдугу менен балдардын тамак-ашын бирге каржылоого каршы турбагандыгын айтты.

“Мектептик фонддор боюнча биз “мектеп дирекциясы, мугалимдер ,класс жетекчилер аралашпасын” деген буйрук чыгардык. Ал эми тамак-ашка ата-энелер тарабынан өзүлөрүнүн балдары үчүн колдоолор бар”, – деди министр.

Бүгүнкү күндө башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак берүү боюнча иш-чаралар мыйзам түрүндө бекитилген эмес. Буга байланыштуу аталган мыйзам долбоору мектептердеги башталгыч класстарга ысык тамак берүүнү уюштурууну мыйзамдуу түрдө бекитүү максатында иштелип чыккан.

Азыркы тапта Кыргызстандын 2265 мектептин 1371инде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштурулган. Республикалык бюджеттен ар бир бала үчүн 7 сом, ал эми алыскы райондордогу ар бир окуучуга 10 сомдон бөлүү каралган. Депуттар бул сумма өтө эле аз экендигин белгилешти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады