Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!

Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
23-Окт. 2019, Шаршемби, 15:21

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргызстанда жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралууда.

Талкууда демилгечи депуттардын бири Жанар Акаев экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф экендигин айтты.

"Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф! Андай акча түшпөйт. Эгерде биз сейрек кездешкен жаныбарларды чет өлкөлүк олигархтарга аттырып, ошондон бюджетибизди толтурабыз десек, андан көрө андай акчанын кереги жок дешибиз керек. Чет өлкөдөн келип аткандар мылтык көтөрүп келбесин, фотоаппаратын көтөрүп келсин. Туризмди өнүктүрөлү, келген турист 1000-5000 долларын биздин кооз жаратылышыбызды көргөнгө таштап кетсин” ,– деди Акаев

Депутат ошондой эле аңчылыкка болгон салыктын акчасын көбөйтүп коюу маселе чечпей тургандыгын эскертти:

“Бизге аңчылыка келип аткан аңчылар кедей-кембагалдар эмес, бүт чет өлкөлүк байлар. Аларга 50 миң доллар эмес, 200 миң доллар кылып койсоң деле келе берет. Алардын акчасы бар. Биз ошолоорго сейрек кездешкен жаныбарларды салып берип жатабыз. Аркар-кулжанын баса албай карыгандарын илбирс жейт. Биоартүрдүүлүк ушуну менен сакталат. Мен бирөөнү коркуткум келбейт, бирок аңчылык менен алек болуп, жаш аркар-кулжаларды аткандардын тагдыры жакшылык менен бүтпөйт”.

Демимгечи депуттар бул мыйзам долбоору аркылуу 2020-жылдан 2030-жылга чейин Кыргызстандын баардык аймагында жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө – аркар-кулжага, тоо эчкисине эликке, маралга жана каманга аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунуштап жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады