Конституциялык палата Атамбаевдин кол тийбестигинин мыйзамдуулугу боюнча чечим чыгарды

Конституциялык палата Атамбаевдин кол тийбестигинин мыйзамдуулугу боюнча чечим чыгарды
24-Окт. 2019, Бейшемби, 18:05

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку соттун Конституциялык палатасы Алмазбек Атамбаевдин «экс-президент» деген макамынан ажыратылышынын мыйзамдуулугун карады.

Анда соттук коллегия Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышын Конституцияга каршы келбейт деп тапты.

Экс-президенттин макамы жөнүндө мыйзам өткөн мезгилге иштебей турганын жүйө келтирип келген “КСДП” партиясынын юристи Нурбек Касымбеков Конституциялык палатанын бул чечими канаатандырбаганын айтты.

“Биздин негизги өтүнүчтөр канаатандырылган жок. Болгону гана “мамлекет тарабынан берилген кепилдиктерди президент алып кое алат” дегенди “Конституцияга ылайык” эмес деп табышты. “Экс-президент саясий партиянын жетектөөчү органында боло алат, мамлекеттик же саясий кызматтарда иштей албайт” дегендер калды”, – деди Касымбеков.

Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу, аны жоопко тартуу маселеси ушул жылдын июнь айында көтөрүлгөн. Натыйжада Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Атамбаевдин “экс-президент” макамын 27-июнда ажыраткан.

Бирок Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын кол тийбестигин алуу боюнча токтомду жокко чыгаруу арызы менен Конституциялык палатага кайрылышкан. Атамбаев өзү Конституциялык палата бул маселеге чекит коюп чечим чыгармайынча бир дагы жолу суракка барбай тургандыгын бир нече ирет айтып келген. Жыйынтыгында аны күч менен суракка алып келүү аракети болуп, бирок бул иштин аягы ийгиликтүү аяктаган эмес. Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын атайын даярдыктагы бир аскери каза болуп, бир нече адам жаракат алган. Кой-Таштагы үйүнөн кармалган Алмазбек Атамбаев учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта отурат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады