Зулпукаров: Мүмкүнчүлүгү бар бизнесмен көбүрөөк салык төлөшү керек

Зулпукаров: Мүмкүнчүлүгү бар бизнесмен көбүрөөк салык төлөшү керек
28-Окт. 2019, Дүйшөмбү, 15:53

Мүмкүнчүлүгү бар чиновник жана бизнесмендер көбүрөөк салык төлөшү керек. Мындай сунушун депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында айтты.

Эл өкүлү бирок мунун жалпы элге тиешеси жок болушу зарыл экенин белгиледи.

“Ашкере байлыкка салык деген бар. Ошону сиздер күчөтүңүздөр. Мүмүкүнчүлүгү бар чиновник жана бизнесмен көбүрөөк салык төлөшү керек. Бирок жалпы элге жайылтылбагандай болушу абзел. Муну эске алыңыздар”, - деп сунуш кылды Зулпукаров.

Депутат андан кийин күйүүчү майды чек арадан ташып өтүүдө мыйзамдагы жылчыктардын кесепетинен бюджетке миллиард сомдон ашык акча түшпөй калганын, муну чечүү боюнча кандай аракеттер жүрүп жатканын сурады. Экономика министри Санжар Мукамбетов аталган маселени чечүү үчүн күйүүчү майларды темир жол аркылуу ташуу жана күйүүчү май куйган жайларды автоматташтыруу системасына өткөрүү аракеттери жүрүп жатканын билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады