Атамбаев КМШдагы коопсуздук өкүлдөрүн кабыл алды

Атамбаев КМШдагы коопсуздук өкүлдөрүн кабыл алды
25-Май 2017, Бейшемби

Президент Алмазбек Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилерин кабыл алды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кыцзматы билдирди.

Ага ылайык, расмий өкүлдөр кечээ, 24-майда Кыргызстанга КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 42-жыйынына катышуу үчүн келишкен.

Жолугушууда мамлекет башчысы КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилери менен жылуу учурашып, аларды коопсуздукту камсыз кылуу жаатында жасап жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев КМШ аймагындагы коопсуздук жана туруктуулук көбүнчө атайын кызматтар биргелешкен ишмердигинин сапатына байланыштуу болоорун жана биргелешкен аракеттер менен гана азыркы кездин чакырыктарына жана коркунучтарына натыйжалуу каршы турууга болоорун белгиледи.

Мамлекет башчысы КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин кезектеги жыйынына ийгилик жана жемиштүү иш каалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!