Сулайманов: Эсиңер барда этегиңерди жыйгыла!

Сулайманов: Эсиңер барда этегиңерди жыйгыла!
30-Окт. 2019, Шаршемби, 10:58

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Кыргызстанда уран, торий кендерин издөө, чалгындоого, изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатат.

Анда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин орун басары Карыбек Ибраев эгер уранга каршы мыйзам кабыл алынса, уран иштеткен компаниялар өкмөтттү сотко бериши мүмкүн экенин айтты.

Карыбек Ибраевдин мындай сөзүнө нааразы болгон депутат Алтынбек Сулайманов азыр бүткүл дүйнө экология менен күрөшүп жатса, экономиканы сөз кылган өкмөт өкүлүн жана депутаттарды сынга алды.

“Уран деген адамзатка каршы экенин кантип түшүнбөйсүңөр?! Дагы кыргыз мамлекети урандын азабын тартсын деп жатасыңарбы? Ошондо кыйын экенсиңер, эл митинг кылганда кайда жүрдүңөр эле? Бүгүн келип алып бизге үйрөтөсүнөр. Эсиңер барда этегиңерди жыйгыла! Уят болуп каласыңар”, – деди Сулайманов.

Кызыл-Омол уран кенин чалгындоо иштерине байланыштуу жарандык коом, жергиликтүү тургундар бир нече ирет уран кенинин иштетилишине каршы митинг уюштурган. Чырдан улам “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясы уран кенин чалгындоо ишин токтоткон. Кийин өкмөт радиоактивдүү элементтерди геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салган.

Сүрөт: АКИpress

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!