Примов: Уранды иштетүүгө өлкө боюнча тыюу салуунун кереги жок

Примов: Уранды иштетүүгө өлкө боюнча тыюу салуунун кереги жок
30-Окт. 2019, Шаршемби, 11:58

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Кыргызстанда уран, торий кендерин издөө, чалгындоого, изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Талкууда депутат Улан Примов уран кендерин казууга өлкө аймагы боюнча тыюу салуу туура эмес экенин айтты. Ал түшүндүргөдөй, эгер Кыргызстандын бардык аймактары боюнча уран кендерин казууга тыюу салынып калса, бул тармакта иштеген инвесторлорго бөгөт коюулуп калышы мүмкүн.

Уран, торий биздин биосфералык, экологиялык аймактарда иштебешине мен макулмун. Бирок жалпы террриторияда, жалпы Кыргызстанда иштебесин деп баарына тыюу салып коюу канчалык туура? Эгерде бардык технологияларды сактап, тиешелүү төлөмдөрдү төлөп берип жатса, биз эмне үчүн жок дешибиз керек? Экономиканы бетке кармап жатасыңар дейт. Бирок экономика болбосо, мамлекет, эл өнүкпөйт. Өкмөттүн өкүлдөрү так жооп берсеңиздер туура болмок. Сиздердин позицияңыздар ары эмес же бери эмес болуп, мыйзам долбоору боюнча талаш-тартыш алып келип жатасыңар. Чындыгында, бизге келечекте уранды иштетүгө жалпы тыюу салуунун кереги жок”, – деди депутат.

Бүгүн парламент уран, торий кендерин издөө, чалгындоого, изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салуу сала турган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү.

Аталган мыйзам долбоор калктын ден соолугун, жерлерди, суу обьектилерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, ошондой эле радиациялык жана экологиялык коопсуздукка укуктарын камсыз кылууга багытталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!