Жогорку Кеңеш уранды иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш уранды иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды
31-Окт. 2019, Бейшемби, 16:21

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңеш “Кыргызстанда уран, торий кендерин издөө, чалгындоого, изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору колдоо алынды.

Анда жыйынга катышкан 101 депутаттын бирөөсү гана – депутат Азамат Азамат Арапбаев “каршы” деген добуш берди.

Бул мыйзам долбоорун депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Алтынбек Сулайманов, Дастан Бекешев, Канат Керезбеков, Мыктыбек Абдылдаев жана Алтынбек Жунус уулу демилгелеген.

Мыйзам долбоор калктын ден соолугун, жерлерди, суу обьектилерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, ошондой эле радиациялык жана экологиялык коопсуздукка укуктарын камсыз кылууга багытталган.

Буга чейин Кызыл-Омол уран кенин чалгындоо иштерине байланыштуу жарандык коом, жергиликтүү тургундар бир нече ирет уран кенинин иштетилишине каршы митинг уюштурган. Чырдан улам “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясы уран кенин чалгындоо ишин токтоткон. Кийин өкмөт радиоактивдүү элементтерди геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салган.

Ушу тапта уран кендерин чалгындоого, казууга, иштетүүгө 17 лицензия берилген. Анын ичинде 6 дицензия уран кенине байланыштуу. Мурда белгилүү болгон сегиз уран кенинин үчөө Ысык-Көл аймагында, төртөө Чүй аймагында, бирөө Баткен аймагында жайгашкан. Мыйзам кабыл алынса, өкмөт алардын лицензиясын жокко чыгарууга тийиш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!