«Республика — Ата Журт» съезд өткөрөт. Лидери алмашабы?

«Республика — Ата Журт» съезд өткөрөт. Лидери алмашабы?
1-Ноя. 2019, Жума, 10:06

«Республика — Ата Журт» партиясы ушул жылдын аягына чейин съезд өкөрүүнү пландап жатат. Азырынча так датасы белгисиз. Мындай маалыматты 24.kg сайты саясий уюмдун өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Анда саясий кеңеш Өмүрбек Бабанов жетекчиликти тапшырып бере тургандыгын четке каккан эмес. Съездде Бабановдун ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев келери, "Ата Журт" партиясы “Республика" партиясынын бөлүнүп, ар кими өз алдынча шайлоого аттанары аныкталат.

Бирок Жээнчороев өзү ZAMAN.KG маалымат агенттигине “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясынын лидери алмашпай тургандыгы айткан. Ал “учурдагы фракция жетекчиси Жыргалбек Турускулов Өмүрбек Бабановдун өлкөгө келиши менен фракция лидеринен кетет” деген маалымат жалган экендигин билдирен.

Бүгүнкү күндө фракция лидерин алмаштыруу маселеси күн тартибинде жок. Бирок фракциянын ар бир мүчөсү жетекчиликке шайлоону демилгелеп, бул маселени күн тартибине койгонго укугу бар. Мени лидер болуп келет деген маалымат ушак, – деген Жээнчороев.

“Республика – Ата Журт” саясий партиясынын тандеми саясатчылар Өмүрбек бабанов менен Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү менен 2014-жылы негизделген. Аталган партия 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышып, 28 мандатка ээ болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!