Шайлоо-2020: талапкерлерди торогон 9 пайыздык тосмо

Шайлоо-2020: талапкерлерди торогон 9 пайыздык тосмо
4-Ноя. 2019, Дүйшөмбү, 15:36

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында болорун, шайлоого 560 млн сом сарпталарын кабарлады.

Шайлоо өнөктүгү жакындаган сайын көпчүлүк депутаттыкка талапкерлерди “чочута” турган 9 пайыздык босого башкы маселеге айланып, азыркыга чейин талкуу жүрүп жатат. Айрым саясат таануучулар 9 пайыздык босого парламентке жаңы жүздөрдүн келишине тоскоол болуп, акчасы көп олигархтар келип калышы мүмкүн деген пикирлерин билдирип жатышат. Мындан улам пайыздык босого чекти бери дегенде эле 5 пайызга түшүрүү сунуштары депутаттар тарабынан көп айтыла баштады. Шайлоо босогосу 2015-жылы 5%дан 5%дан 7%га чейин көтөрүлгөн. 2017-жылдын августунда шайлоо босогосу кайрадан 9%га жогорулатылган.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Искак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко жана Дастан Бекешев «Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты.

Аталган мыйзам долбоордун негиздемесинде азыркы кырдаалда өтүү босогосу 9% болушу парламентте түрдүү саясий күчтөрдүн пропорциялуу өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле жарандардын Жогорку Кеӊешке өкүлчүлүк болуусуна конституциялык укуктарына чек салууга алып келери айтылат.

Шайлоо босогосу боюнча пикирлер бир кылка эмес

2015-жылы болгон парламенттик шайлоодо 8.36 % добуш алган “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов 2017-жылы шайлоо босогосу 9% болсун деп добуш бергенин, азырынча ушул эле позицияны карманып жатканын белгиледи:

"Бүгүнкү күндө ошол эле позициямда турам. Негизинен пайыздын аз болгону жакшы. Жаңы партияларга, жаштарга жакшы болмок, бирок 9% бекилип калган. “Бир Бол” үчүн 9% чек эмес, биз буюрса 9%дан көп добуш алабыз. Тизме өзгөрөт".

Мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев шайлоо босогосун жогорулатуу партиялардын ирилешине жана партиялык системасынын өнүгүүсүнө салым кошот деген сөз жомок экендигин айтат. “9 пайыз кандай босого экени бардыгыбызга эле белгилүү болуп калды”, – деди ал.

9 пайыз деген кандай босого экени баарыбызга эле белгилүү болуп турбайбы. Шайлоодо 1 млн 800 миң адам катышкан болсо, келген шайлоочулардын кеминде 180 миң добушун алыш керек. Бул чынында бүгүнкү күнгө чейин олигархтардын пайдасына иштеген эле көрүнүш. Айрыкча бул жерде эки эле нерсе менен Жогорку Кеңешке өтүп келишет. Биринчиси – бул административдик ресурс. Экинчиси – акча. Ушулардын баарын эсептеп чыгышып, 9 пайызга көтөрүп алышкан.

Ал ошондой эле 9%ды 3 же 5 %га эле түшүрүп койбостон, преференциялдык добуш берүү жолун да сунуштоо керек экенин кошумчалады. Эгер келерки шайлоодо дагы эле партиянын тизмеси көпөстөргө толсо, революциялык кырдаалга алып келиши мүмкүн дейт.

"Партия лидерлеринин өзүм билемдигин токтотуш керек. Антпесе, Жогорку Кеңешти жок кылып алабыз. Элге тизмеген кирген 120 талапкердин ар бирине добуш бере турган шарт болушу керек. Себеби, элде добуш берүү укугу гана калган, тандоо укугунан ажыраган. Азыр элдин маанайы такыр башка. Бул чоң рефолюциялык кырдаалга алып келип коюшу мүмкүн. 2020-жылы шайланып келген күндө да эл баш бербей коюшу мүмкүн", – деди Осмоналиев.

Депутат Жанар Акаев шайлоочу алгач партияны тандап, андан соң партиянын ичинен өзүнө жаккан талапкерлерге гана добуш бере турган механизмди сунуштап жатат. Ал бул мыйзам долбоорун өтүп калса, Кожобек Рыспаев айткан “элиталар” келе тургандыгын эскертип келет.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашева эгер шайлоо босогосу 9 пайыз бойдон калса чоң коркунуч бар экенин билдирди. Ал түшүндүргөндөй, эгер шайлоо босогосунун пайызы 9 пайыздын түшпөсө, акчасы жок айым талапкерлер парламентке келбей калышы калышы мүмкүн. Мамашева өзгөчө социалдык маселелерге келгенде айым депутаттардын парламентте болушу зарыл деп эсептейт.

"Эгер 9 пайыз бойдон калып калса, анда чоң коркунучу бар. Мисалы, жөнөкөй адистер парламентке келе албайт. Анткени, бул абдан эле чоң босого. Айымдарга квоталар баары бир сакталат. Айымдын ордуна айымдын келиши керектиги сөзсүз болушу керек деп ойлойм. Бүгүнкү күндө 120 депутаттын арасынан 20быз гана айымдарбыз. Ушул 20 айым тең өзүнүн чөйрөсүндө чоң жумуш жасап жатат. Тилекке каршы, зордук-зомбулук, энелердин, өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрүн көбүнчө айымдар көтөрөт. Мисалы, Бурулайдын окуясы болгондон кийин биздин мырзаларыбыз таптакыр унчугушкан жок. Бирок мындай фактылар айтылып, парламентте көтөрүлүшү керек".

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары

Мурдагы СССРдин өлкөлөрүндө пропорциялык система боюнча парламенттик шайлоолордо төмөндөгүдөй шайлоо босоголору коюлган:

Арменияда – 3%, Грузияда – 5%, Латвияда – 5%, Литвада – 5%, Молдавада – 5%, Россияа – 5%, Казакстанда – 7%, Эстонияда – 5%, Тажикстанда - 5%, Украинада – 5%. Июндун башында кайра шайланган Владимир Зеленский партиялар үчүн шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүү аракетин жасаган, бирок Жогорку Рада шайлоолор жөнүндөгү мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү кабыл алган эмес.

Европа өлкөлөрүндө төмөндөгүдөй шайлоо босогосу бар:

Германияда – 5%, Данияда – 2%, Нидерландияда – 0,67%, Норвегияда -4%, Израилде- 3,25; Польшада -5%, Швецияда – 4%, Словенияда – 3,2%, Түркияда – 10%. Финландияда жана Португалияда парламентке шайлоого босого жок болуп саналат.

2017-жылдын 15-июлуна карата катталган саясий партиялардын тизмесинин саны 226ны түзөт.

2015-жылдын 4-октябрында болуп өткөн парламенттик шайлоого 14 саясий партия катышып, 6 саясий партия Жогорку Кеңешке келген.

- “КСДП” саясий партиясы – 38 мандат;

- “Республика-Ата Журт” саясий партиясы – 28 мандат;

- “Кыргызстан” саясий партиясы – 18 мандат;

- “Өнүгүү-прогресс” саясий партиясы – 13 мандат;

- “Бир Бол” партиясы – 12 мандат;

- “Ата Мекен” социалистик партиясы саясий партиясы – 11 мандат.

Келерки парламенттик шайлоодо кимдер “саясий никеге” туруп, шайлоого бирге аттанаары азырынча белгисиз. Көпчүлүк саясий эксперттер 120 депутат өзүлөрүнүн милдеттерин так аткара албай, де-юре – парламенттик, де-факто – президенттик башкаруудагы өлкө болуп жатканын айтып келишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 миң салык төлөөчү салык отчетторун бербей жатат
14 миң салык төлөөчү салык отчетторун бербей жатат
Франциянын “Flowbird” компаниясы Кыргызстанга өндүрүш ачат
Франциянын “Flowbird” компаниясы Кыргызстанга өндүрүш ачат
Төрөбаев: Өндүрүшчүлөр ЕАЭБдин рыногуна чыга албай жатат
Төрөбаев: Өндүрүшчүлөр ЕАЭБдин рыногуна чыга албай жатат
Шекердин баасы 11.5 пайызга арзандады
Шекердин баасы 11.5 пайызга арзандады
Импичмент сурагы: Украинага кысымды президент тапшырды
Импичмент сурагы: Украинага кысымды президент тапшырды
Алтын базары: бир граммы 35 сомго кымбаттады
Алтын базары: бир граммы 35 сомго кымбаттады
​Жеңилбес Флойд Мейвезер рингге чыгаарын жар салды
​Жеңилбес Флойд Мейвезер рингге чыгаарын жар салды
ИИМ: акча ташыган ишкердин өлүмүнө шектелгендерден 100 миң доллар алынды
ИИМ: акча ташыган ишкердин өлүмүнө шектелгендерден 100 миң доллар алынды
Жамалдинов:
Жамалдинов:"Көмүрдүн баасы көтөрүлүүдө. Көзөмөлдү күчөтүү зарыл"
Депутат: УКМКда уурдалды деген акчалардын катталган номурларын көрсөтсүн
Депутат: УКМКда уурдалды деген акчалардын катталган номурларын көрсөтсүн
Америкалык компаниялар “Huawei” менен келишимди узартты
Америкалык компаниялар “Huawei” менен келишимди узартты
Спортчунун булчуңдарынан гелди алып чыгышты
Спортчунун булчуңдарынан гелди алып чыгышты
Жээнбеков: Ислам жана Православие - биздин руханий мурасыбыз
Жээнбеков: Ислам жана Православие - биздин руханий мурасыбыз
Аутизм деген эмне? Ал кандай оору?
Аутизм деген эмне? Ал кандай оору?
Активист Грета Тунберг мезгил жүргүнчүсүбү?
Активист Грета Тунберг мезгил жүргүнчүсүбү?
​Криштиану Роналду жашыруун үйлөндү
​Криштиану Роналду жашыруун үйлөндү