Текебаев: Бабановду мага караганда эл үч эсе көп сыйлайт экен

Текебаев: Бабановду мага караганда эл үч эсе көп сыйлайт экен
4-Ноя. 2019, Дүйшөмбү, 17:48

Бабановду мага караганда эл үч эсе көп сыйлап, үч эсе ага көп ишенет экен. Мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаев “Эркин маалымат” ютуб каналындагы маегинде билдирди.

Ал “Республика Ата Журт” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов менен тойдо бир столго отурганы боюнча комментарий берип, “Бабановго сегиз кылмыш козголуптур”, “аны менен саламдашкандар менен чогуу жүргөндөргө көйгөй жаралып жатыптыр” деген шылтоо менен качып кеткенге деле мүмкүнчүлүгү болгонун, бирок мындай кадам коркоктук болмок экенин айтты.

“Конституцияда “Жогорку Кеңешке депуттар жеке мамилеңерди үйгө таштап, жалпы эл үчүн тил табышып иштегиле. Эгерде 45 жумушчу күндүн ичинде бир пикирге келе албасаңар, парламент тарайт, кайра шайлоо болот” деген норма бар. Ошол нормапарламент мүчөлөрүн тил табыштырганга, ийри отуруп, түз кеңешкенге мажбурлайт. 2015-жылы эл Бабановго мага караганда үч эсе добуш берип парламентке жөнөтсө, мен аны менен отуруп иштешим керек. Биз тойдо гана Бабанов менен жолукканыбызы жок. 2015-жылдан бери аны менен парламентте иштеп келе жатканбыз” – деди Текебаев.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөн Чотоновдун бөгөт чарасын 29-октябрда дагы эки айга узарткан. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго орус ишкери Леонид Маевскийден “1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан эле. Ал эми 21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, буга чейин чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарган.

Өмүрбек Бабанов болсо өзүнө козголгон кылмыш иштери боюнча күбө катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Финансы полициясына сурак берип чыккан. Ал Кыргызстанга ушул жылдын 9-августунда келген.

Сүрөт: 24.kg

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кыргыз-грузин кызматташтыгынын маселелери талкууланды
Кыргыз-грузин кызматташтыгынын маселелери талкууланды
Google: Иш табуу дубасы миллион ирет изделген
Google: Иш табуу дубасы миллион ирет изделген
Президентти маймылдардан коргоо чаралары көрүлдү
Президентти маймылдардан коргоо чаралары көрүлдү
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо маселеси талкууланды
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо маселеси талкууланды
Коронавирус дагы үч өлкөдө катталды
Коронавирус дагы үч өлкөдө катталды
Эң кирешелүү авиакаттамдар аныкталды
Эң кирешелүү авиакаттамдар аныкталды
Казакбаев: Алтын аралашмалары Кыргызстандын өзүндө гана кайра иштетилиши керек
Казакбаев: Алтын аралашмалары Кыргызстандын өзүндө гана кайра иштетилиши керек
Баткен облусунда жаңы бала бакча ишке кирди
Баткен облусунда жаңы бала бакча ишке кирди
Тюменде дарыгерлер беш жаштагы баланы сактап калды
Тюменде дарыгерлер беш жаштагы баланы сактап калды
​“Нурмагомедов – Фергюсон” таймашынын постери чыкты
​“Нурмагомедов – Фергюсон” таймашынын постери чыкты
Прокуратура Токмоктогу массалык каттоо боюнча иш козгоду
Прокуратура Токмоктогу массалык каттоо боюнча иш козгоду
Күнүнө он миң кадам жөө басып арыктаса болобу?
Күнүнө он миң кадам жөө басып арыктаса болобу?
"Жөө Күлүк" тасмасы Шотландияда өтчү кинофестивалда көрсөтүлөт
22 жылда жол куруу тармагына 1 млрд 956 млн доллар алынган
22 жылда жол куруу тармагына 1 млрд 956 млн доллар алынган
25-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Кыргызстанда Кытай жарандарына виза берүү токтотулду
Кыргызстанда Кытай жарандарына виза берүү токтотулду