Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)

Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
14-Ноя. 2019, Бейшемби, 14:17

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Кыргызстандын атынан Найробиде өтүп жаткан саммитте баяндама жасады.

Бириккен Улуттар уюмунун саммити ушул күндөрү Кениянын борбору Найроби шаарында өтүп жатат. Жогорку деңгээлдеги конференция калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктүктүн 25 жылдыгына арналган.


Саммитке бир катар өлкөлөрдүн президенттери, депутаттары жана өкмөт өкүлдөрү баштаган 6 миңдей адам катышты.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева саммиттин алкагында "Жаш парламентарийлер" сессиясына төрагалык кылып, башка сессияларга катышып жаткан дүйнө жүзүндөгү лидер айымдар менен жолукту.

Вице-спикер саммиттеги докладдардын баарын англис тилинде жасады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!