Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров киши колдуу болуп каза болгон уйгур тектүү ишкер Айэркен Саймаити, мурдагы башкы консул Эркин Сопоков менен байланышы боюнча маалымат берди.
Депутат Зулпукаров Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун “Сайматити жана Эркин Сопоков менен байлаңышыңыз барбы?” деген суроосуна мындайча жооп берди:
“Эркин Сопоковду мен тааныйм. Ал жогоруда айтылгандай, менин кесиптешим Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы болгон. Айэркен Саймаити дегенди мен өмүрүмдө көргөн эмес экенмин. Ал киши Кыргызстанда дагы анча-мынча бизнес кылып жүргөндүгү боюнча массалык маалмат каражаттарынан угуп калып жатабыз. Ошондуктан ал кишини көргөн эмес экенмин”, – деди депутат Зулпукаров.
«Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аты аталган ишкер Саймаити 10-ноябрь күнү атып өлтүрүлгөн.
Окуя кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Саймаити өлтүрүлгөн жерде табылган“Рейндж ровер” үлгүсүндөгү автоунаа консул Эркин Сопоковго таандык экени жана ал унаада дипломатиялык номер тагылып жүргөнү ачыкка чыккан. Тышкы иштер министрлиги Сопков унасын жеке компанияга сатуу үчүн бергенин билдирген. Учурда Сопоковдун ишмердигин илктеген атайын топ түзүлдү.