Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү (тизме)

Саймаитинин өлүмү  боюнча депутаттык комиссия түзүлдү (тизме)
21-Ноя. 2019, Бейшемби, 19:08

Киши колдуу болуп каза болгон уйгур тектүү ишкер жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн Жогорку Кеңеште убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Парламент тараткан маалыматка ылайык, түзүлгөн комиссиянын курамына ар бир фракциядан депуттар кирди.

КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Жураев, Аалы Карашев, Искендер Матраимов;

“Республика – Ата Журт” фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Закир Шарапов, Талант Мамытов;

«Кыргызстан» фракциясынан Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов;

“Өнүгүү” фракциясынан Тынчтык Шайназаров;

“Бир Бол” фракциясынан Алтынбек Суйлайманов;

“Ата Мекен” фракциясынан Алмаибет Шыкмаматов.

Айэркен Саймаитиниин өлүмү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу сунушту депутат Алтынбек Сулайманов көтөргөн. Ал Саймаити өлүмү боюнча жаңы жагдайдар ачыкка чыга баштаганын, мындан улам айрым күчтөр депутаттарды каралоо аракетин баштаганын айткан.

"Сайматитин өлүмү боюнча көп сырдуу жаңы нерселерди ачып жатат. Ошого байланыштуу мени, депутаттарды каралаган күчтөр көбөйдү. Бул жерде алаксытуучу маневр болуп жатат. Кандайдыр бир күчтөр өзүнөн башка жакка бургусу келип жатат. Бул маселени иликтеп, Саймаити ким, Кыргызстанга качан келген, кантип кеткен, кыргыз паспортун кантип алган, кыргыз дипломатиялык машинасында кантип жүргөн, ал ким менен жакын, ким менен душман болгонун иликтеш керек", – деген Сулайманов. Сулаймановдун бул сунушун депуттар Жанар Акаев жана Төрөбай Зулпукаров колдогон.

«Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аты аталган ишкер Саймаити 10-ноябрь күнү атып өлтүрүлгөн.

Окуя кечки маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Саймаити өлтүрүлгөн жерде табылган “Рейндж ровер” үлгүсүндөгү автоунаа консул Эркин Сопоковго таандык экени жана ал унаада дипломатиялык номер тагылып жүргөнү ачыкка чыккан. Тышкы иштер министрлиги Сопоков унасын жеке компанияга сатуу үчүн бергенин билдирген. Haberler.com сайты Кытайлык ишкер Айэркен Саймаитин өлүмү боюнча төртүнчү шектүү адам окуяда колдонулган курал менен кармалганын жазып чыккан эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ачка калган аюулар айылга жакындады
Ачка калган аюулар айылга жакындады
Айгерим Расул кызына «Жылдын мыкты ырчы айымы» наамы ыйгарылды
Айгерим Расул кызына «Жылдын мыкты ырчы айымы» наамы ыйгарылды
Жеңишбек Жумакадыр: Миң жолу суранса да макул элем
Жеңишбек Жумакадыр: Миң жолу суранса да макул элем
Абылгазиев: Логистикалык борбордо 10 миң жумушчу орун түзүлөт
Абылгазиев: Логистикалык борбордо 10 миң жумушчу орун түзүлөт
Турдакун Ниязалиев жаңы клип тартты
Турдакун Ниязалиев жаңы клип тартты
Марлен Маматалиев:
Марлен Маматалиев: "Мен Жогорку Кеңешке элдин жашоосун өзгөртө алам деген максатта келдим"
Сапаргүл Абдинабиева: Эмнеге жаңы төрөлгөн баланын алгачкы 1000 күнү маанилүү?
Сапаргүл Абдинабиева: Эмнеге жаңы төрөлгөн баланын алгачкы 1000 күнү маанилүү?
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Путиндин
Путиндин "өзөктүк" сумкасын ачык көрсөтүштү
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
"Селсаяк" рейдинин негизинде 17 жаран текшерилди
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты